Menu

Орусия президентинин администрациясынын өзгөртүлөрү кабарланууда

Бөлүшүү:

Орусия президентинин администрациясындагы башкармалыктардын саны кеминде эки эсеге кыскартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өз булактарына шилтеме кылып «Коммерсантъ» гезити жазды.

Мекемени өзгөртүп түзүү иштерин ушул жылдын августунда дайындалган администрация башчысы Антон Вайно даярдап жатат. Басылманын маектештеринин бири билдиргендей, алгач андагы башкармалыктарды 21ден 8-9га чейин кыскартуу талкууланган.

Алсак, Мамлекеттик кеңештин (Орусиянын бардык аткаминерлери кирген кеңешме органы) ишмердүүлүгүн камсыздоо жана коомдук долбоорлор боюнча башкармалык ички саясат боюнча президенттин башкармалыгынын бөлүгү болуп калышы мүмкүн. Аны учурда президенттин администрация башчысынын орун басары Сергей Кириенко башкарып турат. Октябрда ал бул кызматка Мамдуманын төрагалыгына кеткен Вячеслав Володиндин ордуна келген. Расмий эмес маалыматтар боюнча президенттик шайлоодо Владимир Путиндин үгүт өнөктүгүн дал Кириенко жетектейт.

Басылманын маалыматы боюнча өзгөрүүлөр тууралуу кийинки жумада, президенттин Федералдык жыйынга кайрылуусу маалында белгилүү болушу мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: