Өзбекстан өкмөтү чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга Ташкенттен турак-жай алууга расмий түрдө уруксат берди. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, тиешелүү токтом 19-июлда кабыл алынган.
Ага ылайык, Өзбекстан облустарынын жашоочулары жаңы салынган үйлөрдөн 2500 айлык эсептик көрсөткүчтөн кем эмес баага батир сатып алган учурда шаардык каттоого тура алышат.
Ташкент шаарына келген чет элдик жарандар 150 миң АКШ долларынан кем эмес баага турак-жай сатып ала алышат.
Сатуу-алуу боюнча бардык каржы маселелери банктык эсеп аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш. Жаңы турак-жайларга салынганына үч жылдан ашпаган үйлөр кирет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ