Милиция кызматкерлери жарандар менен кагылышууну алдын алуу үчүн Кой-таш айылынан чыгып кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилеп кетүү керек, укук коргоо органдары тарабынан жарандарга карата ок атуучу курал колдонулган эмес. Ок атуучу курал А. Атамбаевдин үйү тарабынан колдонулган. Ички иштер органдары күнүмдүк иш тартибинде иштеп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда. Азыркы учурда абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө турат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга провокацияга алдырбоого жана чагымчыл материалдарды жайылтпоого чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ