Ош-Бишкек унаа жолундагы Чычкан капчыгайында оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Жала-Абад ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн 23-октябрда саат 06:00 чамасында болгон. Анда Бишкектен Ошту көздөй тактай жүктөп бара жаткан MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып унаа бир капталына оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу Аксы районунун тургуну 38 жаштагы Б.И окуя болгон жерден каза болсо, жанындагы жолдошу М.Ж жаракат алып Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ