Menu

Токтогул шаарынын 78 жаштагы эмгек ардагери Байжан Джумаевден бийлик өкүлдөрүнө Кайрылуу

Бөлүшүү:

Токтогул ГЭСинин жана Суу сактагычынын курулушуна байланыштуу биздин үй-бүлө Токтогул районунун эски борборунан азыркы жаңы борборуна 1970-жылы көчүп келгенбиз. Байбичем Коенова Токтайым «Баатыр эне», «Эмгектин ардагери жана пенсионери» 40 жылдан ашык туруктуу, үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Приватташтыруу учурунда адистерге жана мугалимдерге «ҮЛҮШ» жер берилген эмес. Ошондуктан биз 20 гектар адыр, кайрак, суусу жок, өздөштүрүлбөгөн жерди алып, анын 10 гектарын бак-дарактуу, мөмө-жемиштүү чакан токой тилкесине айландырып алганбыз. Биздин «Баба-Дыйкан» фермердик чарбабыз 1992-жылы уюштурулган.

Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 12-сентябрь 1998-жылдагы№ 122 мыйзамы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы колдоосу менен бекитилген. Мыйзамда Токтогул районунда жана «Жазы-Кечүү» аймагында жашаган жана иштеген бардык жеке жактарга жайылтылат. Токтогул райондук администрациясы жана Токтогул райондук мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору тарабынан мыйзам бурмаланып, аткарылбай, менин жарандык укугум бузулуп келе жатат. Ошондой эле Суу чарба объектилерин, өндүрүштүк имараттарды, курулуштарды куруу, жерлерди өздөштүрүү жолдор менен ишке ашырылат деп көрсөтүлгөн. Биздин дыйкан чарба, жер өздөштүрүү жумуштарын өз каражатыбыздын эсебинен бүткөрүп келе жатабыз.

2014- жылы ошол учурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп дыйкан чарбанын иши жөнүндө маалымат бергенмин. Ал киши тиешелүү адистерге тапшырма берген, өкмөткө менин арызымды калтырууну сураган.

2015- жылдан бери Майорбск Сатымкулов Токтогул районунун башчысы-акими болуп иштеп жатат. Жаңы-Жол айыл өкмөтү акимчиликке 2 миллион 750 миң сомго суу чарба объектисин курууга, 2016-жылдын курулуш планына кошууга сунуш берген. Акимчиликте бул сунуш 2 ай бою каралган эмес. Мен кайрадан сунуш менен аким Сатымкуловго киргенмин. Ал киши «Атайын эсепке» 2016-жылдын курулуш планына кошууга көрсөтмө берген. Бирок, ушул мезгилге чейин «Баба-Дыйкан» чарбасы жеке чарба болгондуктан, депутаттардын кошмо жыйынында колдоого ээ болгон жок деп, жалган, мыйзамга каршы негизсиз жоопторду айтып, кызмат абалынан пайдаланып, дыйкан чарбанын у кугу н жокко чыгарып, келе жатат. Ошолучурдагы Токтогул поселкасынын жашоочулары «Таза Сууга» акча чогултуп беришкен, анын ичинде биздин үй-бүлө да бар. Компенсацияга бөлүнгөн 43млн сомдун 30% пайызы жарандардын социалдык муктаждыктарына төлөөгө чегерилиши керек экен. Анда эмне үчүн ошол учурдагы Айыл-чарба министрлигинин жана Суу чарба департаментинин буйругу менен бизди тааныштырган эмес. Бул ишти тиешелүү органдар менен текшербесе болбойт.

Мен бул 1 млн сомду жогорку бийлик органдарына 3 жыл катары менен кайрылып жүрүп мыйзамдын негизинде компенсациянын эсебинен төлөөгө бөлдүрүп алгам. Бул каражатты Т.Чотоев өзү билгениндей жардамга бөлүп жиберген же бул 750 миң сомду жеп коюшкан. Ошондой эле 2009-жылы курулуп бүткөрүлгөн гидротарандын баасы 462 миң сом, аный 250 миң сому «Баба-Дыйкан» дыйкан чарбасына төлөнүп берилген. Калган 212 мин сому дыйкан чарбага төлөнүп бериле элек. Бул гидронасос объектисинин кабыл алуу АКТысы «Атайын эсепте» турат.

М. Сатымкулов иштеген мезгилден бери, жогорку бийлик органдарынын мыйзамдарын жана токтомдорун өзү каалагандай жазып, «Баба-Дыйкан» дыйкан чарбасын жана менин укугумду бузуп, ден соолугумду начарлатып, жогорку бийлик органдардан келген адамдарга мени жолугуштурбай келет.

Токтогул районунун 2008-жылдагы акими, азыркы «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинин аткаруучу директору Т.Нотоев кызмат абалынан пайдаланып, «Баба-Дыйкан» дыйкан чарбасынын иши тууралуу жазылган токтомдорун, чечимдерин бурмалап жазып, аны катып койгон. Токтогул суу сактагычын куруу боюнча келтирилген зыяндарды компенсация эсебинен төлөө боюнча мыйзамды М.Сатымкулов жана Т.Чотоев экөө бузуп жатышат. Ушул маселеге кайдыгер карабай, тиешелүу органдар менен иликтеп, мыйзам алкагында чара көрүп берүүңүздөрдү өтүнөм.

Кайрылуу ээси:

Байжан Джумаев Байланыш телефону:

0777317240

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: