Бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго карата баш коргоо чарасы каралды.
Тергөөчүлөр мурунку атка минердин камакта кармоо мөөнөтүн 28-декабрга чейин узартууну суранышты, бирок Ибраимовдун коргоочусу каршы чыкты, ага карабастан сот тергөөчүлөрдүн өтүнүчүн аткарды.
Экс мэр “ТНК Дастан” ишканасынын мүлкүн чачып, атайын азыктарын көтөрүлгөн баа менен сатып алуу фактысы боюнча кармалган. Ага коррупцияга тиешеси бар деген айып тагылган.
Андан сырткары, тергөөнүн версиясы боюнча, Албек Ибраимов мэриянын башка кызматкерлери менен биргеликте Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча кылмыш схемаларын түзгөн деген божомолдор бар.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ