Menu

Трамп Обаманын Куба боюнча саясатын жок кылууга опузалоодо

Бөлүшүү:

Эгер Гаванадагы өкмөт жакынкы аралыкта өлкөдөгү адам укуктарынын абалын жакшыртпаса, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Куба менен мамилени жөнгө салуу боюнча Барак Обама баштаган жараянды артка карай кетенчиктетет. Бул тууралуу Трамптын администрациясынын жаңы дайындалган жетекчиси Рейнс Прибус билдирди.

Ал Куба менен түзүлгөн азыркы келишим суу кечпей турганын маалымдады. Анын айтымында, Америка репрессияларды жумшартуу, базарларды ачуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо, саясий туткундарды түрмөдөн чыгаруу сыяктуу маселелерде жылыштарды көргүсү келет. Трамп бул эки өлкөнүн ортосунда ачык, жакшы мамиленин түзүлүшү үчүн зарыл деген ишенимде.

Кубанын жетекчисинин көз жумгандыгына байланыштуу Трамптын штабы билдирүү таркатты. Анда Кастро “өз элин 60 жыл бою эзген катаал диктатор” катары сүрөттөлгөн. Анын артында атууга кеткен командалар, бүтпөгөн кайгы, казына талап-тоноочулугу жана жакырчылык калганы айтылат.

Кошмо Штаттар Кубага бир катар соода жана башка чектөөлөрдү киргизген. Дональд Трамп буларды Гаванага басым жасоочу чара катары колдонуу ниетинде.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: