КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева 16-августта AKIpress порталына интервью берип, 8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндө, Атамбаевдин милицияга колго түшүп берүүсү боюнча сүйлөшүүлөр кандайча жүргөнүн айтып берди.
“Сүйлөшүүлөр башталганда биз үйдүн 3-кабатындагы ваннада болчубуз, анткени ага чейин бизге көздөн жаш агызуучу газ ыргытышкан эле. Бийлик сүйлөшүүлөрдү ультимативдүү формада жүргүзүп жатышты. Мен “бул жерде аялдар да бар, мен Кундузмун” деп кыйкырдым.
Кашкар байке: “Сыртка чыккыла!” деп талап кылды.
Мен: “Чыкпайбыз!” дедим. Бирок “каршылык көрсөтөбүз” деп айткан эмесмин.
Ал бизге ойлонууга 10 мүнөт убакыт берди. Кийин дагы 3 мүнөт кошту. Баары ультимативдүү формада болуп жатты. Биз өзүбүзчө кеңеше баштадык.
Анан эле Курсан Асановдун үнү чыгып калды, ал куралсыз экен. Ал: “Аселя” деп үн салды. Кыязы биздин арабызда Кодуранова да бар деп ойлосо керек. “Мен, Кундузмун” деп жооп бердим. Анан Алмаз Шаршенович Курсан Асанов менен сүйлөшүү үчүн басты. Ошондон кийин Алмаз Шаршенович: «Биз чыгабыз» деди. Биз Курсан Асановичке ишендик.
Мен «биздин колубузга “кишен салбайбыз» деп сөз бересизби?” деп сурадым. Курсан Асанович “генералдык сөзүмдү берем” деп жооп берди. Алмазбек Шаршенович кийинди, документтер жана дарысы тууралу суранды. Президенттик белгиси тууралу сөз кылды, анан бүттү, чыктык”, – деп жооп берди Кундуз Жолодубаева.
Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ