Menu

Дастан Сарыгулов, экс-Мамлекеттик катчы: “Мекенине 3 жолу чыккынчылык кылганы үчүн Темир Сариев жоопко тартылышы керек”

Бөлүшүү:

Гезитибиздин 8-февраль күнү чыккан санында элибизге да, өлкөбүзгө да өтө маанилүү, чоң көйгөйгө айланган маселе “Центеррага” алдырып жиберген алтын байлыгыбызды кайтарып алганга, анын пайдасын элибиз көргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?—деген суроону “Кыргызалтынды” 1992-1999-жылдар аралыгында жетектеген Дастан Сарыгулов менен талкуулаган маекти жарыялаганбыз. Тышкы карызыбыз 5 млрд долларга жакындап, бюджет дефицити 10-15 млрд сом болуп турса, тышкы инвестиция 30 пайызга азайса, кайдан каражат тапса болот? – деген ой менен “Центерра” маселесине кайрылдык эле. Маегибизде “Центеррадан” 2 млрд долларды кайтарып алып, Кыргызстан үлүшүн 67-75 пайызга көтөрүү жолу бар экенин элге жазып чыкканбыз. Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүк жөнүндө сөз уланбай, Дастан Сарыгулов маекте атын атаган кишилер өз чындыгын айтышып, Сарыгуловгө жообун узатышкан. ММК жөнүндө мыйзамга ылайык, ал пикирлерди 15-февраль күнү чыккан гезитибизге жарыялаганбыз. Ушул эле мыйзамга ылайык, өз чындыгымды айтам деген Дастан Сарыгуловго сөз кезегин берүүнү туура көрдүк.

– Дастан агай, сиздин маегиңизден кийин Темир Сариев менен Орозбек Дүйшеевдин сиз тууралуу айткан сөзүнө чычаладыңызбы?

– Өткөн санда жарыялаган маектин башкы максаты кайым айтышуу эмес, “Центеррадан” Кыргыз эли өз үлүшүн кантип кайтарып алат деген маселе болчу. Менин эч ким менен кайым айтышайын деген оюм жок. Маекте аты аталган Темир Сариев менен Орозбек Дүйшеев мен айткан сөздөргө теригип кетишкен окшойт. Мынча болгон соң, алардын айткан сөздөрүнө өзүмдүн чындыгымды айтып коёюн. Эл өзү талдап алаар. Улуулата, Орозбек Дүйшеев жазган жалаадан баштайын.

– Ал киши “Кыргызалтын” өлкөбүз койгон талапты аткара албады, түшүнүгү аз, адистиги жок. Өнүгүп келе жаткан “Кыргыззолото” бирикмеси негизсиз жоюлду. Тоо-кен тармагы оор абалга келгенине Сарыгуловдун күнөөсү бар. “Жерүй” алтын кенин чет элге кармата берди. Кыргыз тоо-кен комбинатын Бишкектен Кара-Балта шаарына көчүрүп, 3 жылда банкротко айлантты” деген айыптоолорду сизге коюптур. Буга жооп бере аласызбы?

– “Кыргыззолото” бирикмеси жетектеген Макмалалтын комбинаты 1992-жылы жазында токтоп калган. Электр кабелдери, түстүү металлдары уурдалган. Бир млн доллар алган кредити кумга сиңген суудай жок болгон. Дүйшеевдин пикири боюнча бул өнүгүүнүн белгиси турбайбы? Өндүрүштөн түшүнүгү жок киши гана муну өнүгүп жаткан деп айтат. Кыргыз тоо-кен комбинаты Кара-Балта шаарында жайгашкан. Анын башкаруу конторасы комбинатка жакын Кара-Балта шаарында болушу керекпи же комбинаттан 150 км алыс Бишкекте болгону өндүрүшкө ылайыкпы?

– Сизге конторасын Бишкектен Кара-Балтага көчүргөн үчүн Кыргыз тоо-кен комбинатын 3 жылда банкротко айланткан деген күнөөнү коюп жатпайбы?

– Кыргыз тоо-кен комбинаты “Кыргызалтындын” курамында болгону менен иш жүзүндө толук өз алдынча башкарууда болгон. Ал убакытта өндүрүш ишканалары жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык өндүрүштүн иштерине кийлигишүүгө катуу чектөө коюлган. 3 жылдын ичинде Кара-Балта тоо-кен комбинатын банкротко атайын жеткизген жетекчинин орун басар кызматын Дүйшеев өзү аткарып турган.

– Банкротко жеткизүүнүн кажети бар беле?

– Комбинат шаардын ичинде шаар болчу. Комбинаттын ичиндеги темир жолдору 70 км эле. Негизги өндүрүш фондунун баасы эле бир нече млрд сом болчу. Өзүнүн магазиндерин, больница, складдарын, мал чарбасын, поликлиникасын, машинелерин жана башка байлыктарын банкрот кылгандан кийин жетекчилери уурдап-тоноп жок кылган. Бул иштин башында Дүйшеев өзү турган. Мыйзамсыз байыган кылмыштын белгилери жетиштүү…

– Тоо-кен тармагынын бүгүнкү абалына сизди күнөөлөдү го?

– “Кыргызалтынды” банк эсебинде жаткан 11 млн доллар менен өткөрүп бергенимден бери 20 жыл өтүптүр. Андан бери тоо-кен тармагына тиешем жок. Бирок, тоо-кен тармагынын бүгүнкү абалына мен күнөөлүү экенмин, ал эми тоо-кенчилер республикалык ассоциациясын 25 жыл туруктуу жетектеп келаткан Дүйшеевдин күнөөсү жок экен да? Кара-Балта тоо-кен комбинатын 3 жылда банкрот кылып, миңдеген адамдарды жумушсуз калтырган Дүйшеев сүттөн ак, “Кыргызалтынды” 11 млн доллар менен өткөрүп берген мен коррупционер экенмин да?!

– “Жерүй” алтын кенин сиз чет элге кармата берген турбайсызбы?

– 6 жыл мурун “Жерүй” алтын кени Жогорку Кеңеште, Өкмөттө бир дагы жолу талкууланбай, жең ичинен бир адамдын буйругу менен 100 млн долларга Россиянын компаниясына сатылганын бүт эл жакшы билет. Бул ири коррупциялык афера болгонун жазбаган гезит калбай калды го… Бирок, республикалык тоо-кенчилер ассоциациясы бул афераны колдоп берген үчүн Дүйшеев “Манас” ордени менен сыйланганын жалпы эл билбейт деп ойлосо керек…

– Сиз жетектеген учурда “Кыргызалтын” өлкөбүз койгон талапты аткара албады деген айыпка макулсузбу?

– 6 ай иштебей, токтоп калган Макмалалтын комбинатын кайра иштетип, 1 млн доллар алган кредитин кайрып берген менби же Дүйшеевби? 1998-жылы проект боюнча ишин токтото турган Макмалалтынды реконструкция кылып, иштөө мөөнөтүн 2017-жылга чейин 19 жылга узарткан менби же Дүйшеевби? 1996-жылы Солтон-Сары алтын руднигин 7 айда куруп бүтүп ишке киргизген менби же Дүйшеевби? Рудник 23 жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Кумтөр комбинатын ийгиликтүү 2 жыл 6 айда куруп бүтүп, бүт көрсөткүчтөргө жеткизген 2 адамдын бири менби же Дүйшеевби? Өлкөбүз койгон талапты мен аткарбай, 3 жылда Кара-Балта тоо-кен комбинатын банкрот кылып, нечен млрд сом байлыгын уурдап-тоногон Дүйшеев аткарган экен да?

– Эми сиз жөнүндө Темир Сариев айткан сөздөргө кайрылсак. “2016-жылы Хоменюк Кыргызстандын президентине “Сарыгулов ай сайын менден 200 миң доллар талап кылып турчу” деп кат жөнөткөн” деп айтты. 200 миң долларды эмне үчүн талап кылгансыз?

– Жалган сүйлөгөндү адатка айланткан Сариевге айла жок экен да. Хоменюк президентке кат жазган эмес. Мени Кумтөргө шылтоо кылып камаш үчүн генпрокурор Жолдубаева Хоменюкка кат жазып, “Сарыгулов “Кыргызалтынды” жетектеп турганда кантип иштештиңер” деген суроо жиберет. Хоменюк Жолдубаевага кат менен жооп берет.

– Ошондо 200 миң доллар жөнүндө эмне деп жазылган?

– Эмне деп жазганын өзүң окуп ал. 2016-жылы 19-июлда ушул кат жөнүндө Хоменюк “Азаттыктын” Бишкек кызматын жетектеген Венера Сагындык кызына кенен маек куруп, суроолоруна жооп бериптир. “Азаттыктын” сайтынан окуса болот.

– Маекте “Сарыгуловдун камалышына мен себепчи эмесмин. Менин катымда жазылгандар кантип кайсыл бир кишинин камакка алынышына себеп боло аларын түшүнбөйм. Ал жерде андайга себеп болчу маалымат же факты жок… Бизге ар кандай мамлекеттик уюм-мекемелерден өтүнүч каттар көп эле түшчү. Кээде “Кыргызалтын” аркылуу суралчу. Кээде чын эле 200 миң доллардан ашык акча болгон. Кээ бирлерин канааттандырып, айрымдарын четке кагууга аргасыз болчубуз..” деп айтыптыр…

– Сариев мага жалаа жаап “Сарыгулов ай сайын менден 200 миң доллар талап кылып турчу” деген сөз бар бекен?

– Сарыгулов 200 миң доллар талап кылган дегенди так айтпаптыр…

– Демек, Сариев айткан маалымат жалган жалаа деп айтсак болобу? Колуңдагы маектин расмий протоколун тиркеп сотко доо арыз менен кайрылсам утамбы?

– Сотко кайрылуу өзүңүздүн ишиңиз да. Жалган экенин далилдесеңиз утасыз…

– Анда сотко кайрылыш керек экен.

– Дүйшеевдин айтканы боюнча дагы сотко кайрыласызбы?

– Ал киши 20 жыл бою мени жамандап келатат. Баарын чогултуп, бир доо арыз менен сотко кайрылып, ири өлчөмдө айып төлөп беришин талап кылбасам болбой калды.

– Сариевдин “Сарыгулов 218 млн доллар зыянды билип туруп жашырганы чыккынчылык” деп айтканына катуу арданган окшойсуз го?

– Мен 218 млн доллар зыянды Сариев кол койгон комиссиянын отчётунан алдым.

– Ал эмне болгон 218 млн доллар?

– “Камеко” жетекчилик кылган 1999-жылы Кумтөр 8 млн доллар, 2002-жылы 17 млн доллар, 2006-жылы 15 млн доллар, 2007-жылы 8 млн доллар, жалпы 48 млн доллар убыткага учураган. 1994-жылдагы Башкы Келишимдин 3.9 беренесинде “Убытка же бөлөк зыянга Кумтөр учураса, аны “Камеко” өзү көтөрөт” деп жазылган. Демек, ушул 48 млн доллар убытканы “Камеко” төлөп бериши керек. 170 млн долларды “Камеко” “наклонный съездге” чыгымдап, кийин ал кереги жок болуп убыткага списать этилиптир. 170+48=218 млн доллар зыянды “Камеко” Кыргызстанга төлөп берүүгө милдеттүү. Өзү кол койгон отчёттун ичиндеги 218 млн доллар зыянды элге, Жогорку Кеңешке жашырып айтпай койгон Темир Сариев чыккынчы эмес эле, бул чындыкты ачыкка чыгарган мен чыккынчы экенмин да?

– Ушул жалааны кошуп сотко доо арыз менен кайрылам деген ойго келдиңизби?

– Албетте.

– 840 млн доллар капиталдык салым шек жаратаарын Сариев жашырды, элге айтпай койду дегенсиз. Сариев бул маалымат ачык айтылганын айтпадыбы. Бул эмне болгон акча?

– 2009, 2010, 2011, 2012-жылдары “Центерра” 840 млн доллар инвестиция кылдык дегени жалган. Ээн талаада, 3500 метр бийиктикте комбинат 450 млн доллар менен курулуп бүткөн. Анан 4 жылда 840 млн доллар капиталдык салым деген акча каякка кетти? Мүмкүн, 2009-жылдагы келишимди бүтүрүп бергендерге пара катары берилгендир… Муну дыкат текшерүү керек.

– Бул маалыматты кай жерден алдыңыз?

– Сариев кол койгон отчёттон алдым.

– 1992-жылы Канадага барып, келишимге сиз кол койгон деген туурабы?

– Сиз Чынгышевге телефон чалып, Дастан Сарыгулов силер менен бирге Канадага барды беле? – деп сурабайсызбы? Мен барган эмесмин. Бул жалааны Сариев отчётуна жазып, депутаттарга таратып, телевизордон элге жарыя кылган. Бул жалаанын эң оор түрү. Муну да кошуп Сариевди сотко берем.

– “Центеррадан” 2 млрд доллар каражатты, сиз сунуштаган, кайтарып алуу жолун Сариев элге айткан жок деген сөздү элге жеткизгиңиз келген беле?

– Кептин баары ошондо болуп турбайбы. Үзөңгү-Кууш Кытайга кетсин деп добуш бергени Кыргыз элине Сариев кылган биринчи чыккынчылык. “Центеррадан” 2 млрд доллар кайтарып алуу жолун Жогорку Кеңешке, элге айтпай, жашырып койгону экинчи чыккынчылык. Кесиби “физкультура мугалими” болуп, турмуш тажрыйбасы саясый чайкоочулук болсо, Финансы министри, Экономика министри, Премьер-министр болуп, Транспорт министри болуп “Кытай жол куруучу компаниядан пара алган” деген чатактан кийин премьер-министр кызматтан кеткени үчүнчү чыккынчылык болуп жатпайбы…

– Чоңдордун далайы кыргызга кыянат, чыккынчылык кылат. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Ач көздүк, дүнүйөкорлук. Өзү тойсо да, көзү тойбогондук. Кээде маселе жетесинде болот. Санжырасын тактап, жакында жарыялайм.

– Чейрек кылымдан бери оңолбой койбодукпу?

– Физкультура мугалими Финансы, Экономика министри, Премьер-министр болсо, сүйлөгөнү жалган, айтканы жалаа болсо кыргыз кантип оңолот?

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: