Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовго карата кылмыш иши каралууда. Азыр сот Кубаныч Касымбеков төрагалык кылган иш уланууда. Жарыш сөздөр болуп, акыркы сөзүн алган Албек Ибраимов сотто кол алдында иштегендердин оюн билгенин, ар кандай жалаа жапкандары кызык болгонун жашырбады. Бул соттук иш саясый буйрутма экенин белгилеп, “Себеп былтыркы жылдын апрелинде башталды. Мен ММКларга маек берип, өлкөдөгү абалды ачык айткам. Ошондо мен өз кишилеримди сатпаганымды айттым эле”, -деди. Андан кийин сөзүн улантып, экс-мэр А.Атамбаев менен иштешкенине сыймыктанарын баса белгилеп өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ