20-август күнү КР Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы экс-генпрокурор Индира Жолдубаеваны суракка чакырып, 2013-жылы апрелде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 43-жана 319- “Коррупция” беренелеринин негизинде айыпка шектүү экенин маалымдады. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирет.
Сурактан кийин Индира Жолдубаева Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилип, сот аны үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Индира Жолдубаева 2011-2015-жылдарда КР Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2015-2018-жылдарда КР Генпрокурору кызматын аркалаган.
Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошоткон Нарын шаардык сотунун судьясы Эрматов өзүнүн тергөөгө берген көрсөтмөсүндө ага КР Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева Батукаевди бошотосуң деп буйрук бергенин мойнуна алган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ