“Сиздер кайра-кайра айтып жүрүп, Кудайдын кулагына жетти окшойт, президент Сооронбай Жээнбеков дагы түз аралаша албаганы менен саясый шарт түздү окшойт, сот бизди убактылуу чыгарып, үй камагына алып, 12-сентябрдан баштап, кайрадан сот иштери жүрөт,” – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.
“Жердештер менен, апасы менен, туугандары менен жолугуп кетсин деп 2-3 күнгө, 5-сентябрга чейин мага бул жакка келгенге уруксат берди. Мен ойлойм, эгер сот адилеттүү жүрө турган болсо сөзсүз түрдө чындык жеңет”, – деди Текебаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ