Бухара айылынын тургундары узак жылдардан бери заманбап мектепке муктаж болуп келишкен. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу менен ачылып жаткан Орозалы Текеев атындагы мектептин курулушу мындан туура 27 жыл мурун башталган. Башталгандан кийин 20 жылдан ашык туруп калган мектептин курулушу Жогорку Кеңештин депутаттары маселе коюп, Президенттин жеке көзөмөлүнө алынып, Өкмөттүн колдоосу менен кайра жанданган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада спорттук залы, ашканасы жана башка жактары толук эске алынган мектеп бүткөрүлүп, жаңы окуу жылына пайдаланууга берилип отурат. Ошентип айылдыктардын узак жылдардан бери эңсеп күтүп келген тилектери орундалып, мектептин пайдаланууга берилиши чоң салтанатка айланды.
Мектептин ачылышына Премьер-министр М.Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ч.Турсунбеков, Б.Субанбеков, Б.Райымкулов, Д.Исаева жана башка чакырылган ардактуу меймандар катышты. Депутаттар, премьер-министр баштаган адамдар класстык бөлмөлөрдү, спорттук залды, мектептин ашканасын кыдырып, курулуштун сапатына жакшы баа беришти. Керектүү эмеректер коюлуп, компьютердик класс ачылганын көрүшүп, мектеп жаңы окуу жылына толук даяр экенине күбө болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ