Menu

Казакстанда поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

Бөлүшүү:

15-сентябрда болжол менен кечки саат жетиде Алматы облусунун Шамалган станциясында автобус менен поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу мерт болду.

Алматы облустук полиция департаменти дагы үч киши: бир аял жана эки бала ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Автобуста 67 жүргүнчү болгон.

Полиция «Жол кыймылын же транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу» боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады.

Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги : «Автобустун айдоочусу сигналга карабай, темир жолго чыгып кеткен. Натыйжада поезд автобусту сүзгөн», – деп маалымдады.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасы аркылуу каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Окуя болгон жерге «тез жардам» унаалары, полиция жана бийлик өкүлдөрү келди. Жакын арадагы ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

Ушул эле күнү 22:30 чамасында Шамалган станциясында ондогон кишилер поезд жолун жаап, бийликтен көпүрө салууну талап кылышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: