Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Маматалиев Калдарали Маматович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ