Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон капсалаӊдуу окуя болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы өлүп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган. Ошондон улам, депутаттар тобу менен өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери окуянын кесепеттери менен жеринен таанышып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ