Menu

Милан Турпанов, Шахмат федерациясынын президенти: “Талант Мамытовдун Шахмат федерациясына чагым жасаганы туура эмес”

Бөлүшүү:

Спорт чөйрөсүндөгү чырлар федерациялардын гана ичинде калып, көбүнчөсү сыртка чыкпайт. Бирок бүл сапар шахмат федерациясынын чыры учурда коомчулукка жарыя болуп кетти. Учурдагы расмий президент Милан Турпанов өзүнүн кызматында мыйзамдуу турам десе, башка адам Талант Мамытов мен шайландым деп талаш жүрүүдө. Шахмат федерациясынын айрым мүчөлөрү Милан Турпановду кызматтан кетирүүгө акча жегендиги себеп болду десе, өзү интриганын курмандыгы болгонүн айтат.

—Милан Калыбекович, учурда федерацияда президент алмашты деп коомчулукка маалымат кетти. Сиз мен мыйзамдуу президентмин дейсиз. Федерациянын жаңы президенти менмин деп жаткан Талант Мамытов экөөңүздөрдүн чырыңыздар качан башталды?

—«Оппозиция болбосо, оппазицияны түзүш керек»,- деп коюшат го саясатчылар. Бул туура. Себеби, жетекчинин анча-мынча кемчиликтерин айтып, түздөп туруш керек. Ошондой эле биздин федерациядагы оппозиция альтернативдүү сунуштарды, идеяларды берсе макул болуп чогуу ишке ашырмакмын. Шахматка менден дагы көбүрөөк пайда алып келип, чоң долбоорлорду сунуштаса, өзүмдөн-өзүм жолду бошотуп бермекмин. Тилекке каршы, андай идеяларды беришкен жок. Эң өкүнүчтүүсү сырттан к елген күчтөргө курал болуп, алардын кызыкчылыгын коргоп, кыргыздарды бөлүп-жарып жатканы үчүн позицияма бекем туруп жатам. Атамдан калган такты жок. Былтыр январь айында 4 жылга президент болуп мен шайлангам. Буга карабастан: «Арабыздан ар кандай сөздөр, өзүнчө бөлүнгөн топтор чыгып жатат. Келгиле баарыбыз, федерациянын мүчөлөрү, машыктыруучулар курамы, өздөрү чечсин. Курултай өткөрөлү»- деп, өзүм демилгелеп сунуштагам. Муну бардыгы туура деп колдошту. Буюрса үстүбүздөгү январь айында атайын шахматчылардын курултайы өтөт. Ошондо коомчулукту ар кандай ойго салган президенттик кызматтын маселеси чечилет деп ойлойм.

—Бирок азыр Талант Мамытов (ред. депутат эмес) деген адам өзүн мыйзамдуу деп таанытыш үчүн курултай өткөрдү го. Буга кандай комментарий айта аласыз?

—Биз бул боюнча атайын сотко кайрылсак, алар мыйзамсыз экенин айтып, чечим чыгарып берген. Демек, алардын буга чейинки өткөн чогулуштарынын баары жараксыз. Соттун чечимдерин да тоготуп койбой, бир топ рейдерлик аракеттерди жасап жатышат. Сабырдуулук менен көйгөйлөр чечилет деп ойлойм. Ар бир федерацияда турдуу талаш-тартыштар болот. Бирок, коомго чыгып кетпеш керек эле. Тилекке каршы, чыгып кетти. Эми акыры чындык чыкса, эл дагы өз баасын берет.

—Талант Мамытов буга чейин эмне кызмат кылчу эле?

—Ал аталган федерацияда төрт жылдан бери вице-президент болуп иштечү. Август айында кызматтан алууга өзү мени мажбур кылды. Азыр болсо вице-президент эмес, президент болом – деген саясат жүргүзуп, мени элге жамандап жатат. Бул логикага дагы сыйбаган нерсе. Мен бул кишини таптакыр шахматка салым кошкон жок деп айтпайм. Албетте, убагында кеңсебиз жок калганда кеңсесин берип, жада калса телефон сүйлөшүүлөргө чейин каржылап жүрүптүр. Балдарга дагы жардам берип жүрчү экен. Анын баарын милдет кылып, сырткы кызыкчылыктарга курал болду. Ал аз келгенсип федерацияга чагым жасаганы бул таптакыр туура эмес.

—Сырткы кызыкчылыктар кимдер болушу мүмкүн?

—Талант мырза өткөндө расмий сүрөт жарыялап, кимдер менен жолукканын тастыктады. Ал сүрөттө шахмат боюнча ФИДЕ рейтингинин президентинин кеңешчиси Берик Балгабаев, «Зона 3.4» шахмат тармагынын президенти Хусан Турдиалиевдер бар болчу. «Ушул кишилер бизди колдойт»,-деп элди бузуп жатышат. Чындыгында бул жерде айтылбай турган чон саясат бар. Ушуга жетпесек болот эле.

—ФИДЕ рейтинг борбору менен спорт агенттик кандай принципти карманып жатышат?

—Жогоруда айтып кеткенимдей, соттун азырынча буларды чогулуш өткөрүүгө тыюу салган чечими бар. Чогулуштун чечимдеринин баары мыйзамсыз. Адилет министрлигинен кандайдыр бир жол менен нотариус аркылуу базага жетекчинин аты-жөнүн өзгөртүп алышыптыр. Спорт агенттик менен ФИДЕ азырынча калыстыкты карманып турушат. Соттун чечиминен кийин бир чечимге келмейинче болбойт деп, бардык каржылык маселе менен тармактык алаканы токтотуп коюшкан.

—Эмне үчүн сиздердин ички чырыңыздарга ата-энелер аралашып жатышат. Мисалы, өткөн айда сизди шахматчы балдардын атасымын деп жүргөн адам маалымат жыйын өткөрүп, жамандап чыкты. Негизи ата-энелер аралашпаш керек беле?

—Бул устаттардын кетирген кемчилиги болуп калды десем туура болот го. Эгерде мен устат болгонумда: «Эгер күнөөсү болсо, Милан Турпанов менен жолугуп документтерин көрүп алгыла»,-деп айтмакмын. Устаттар ата-энелерден акча алып балдарга сабак өтөт. Бирок, ички интригага аларды аралаштырбаш керек болчу. Ошол эле учурда мени менен ата-энелердин түздөн-түз байланышканга мүмкүнчүлүктөрү бар. Каалаган суроолоруна жооп бергенге даярмын. Мен ачыкмын. Эгерде телефонду өчүрүп жашынып жатып алсам, сөз башка эле. Өлкөнүн кайсыл бурчунан болбосун түз эле байланышып, суроолорун берип, жардамдарын алып жатышат.

—Ортодо сизди акча жеп койду деген сөздөр айтылууда. Балким, жөн жерден сөз чыкпайт эмеспи. Буга кандай пикир айта аласыз?

—Ушул жерде актангандай болбоюн, бирок жооп берип коюшум керек. Мени акча жеди деп өздөрү чечим чыгарып коюшуптур. Эми Кудай менен элдин алдында өздөрү жооп берсин. Алар айтып жаткан акча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын чемпионатын өткөргөндөн чыккан чыр. Ошол чемпионатка коротулган кайдагы акылга сыйбаган 4 миллион 800 миң сом акчаны жеп койду деп айтып жатышат. Мындан сырткары дагы бир топ суммаларды айтышууда. Бул акчалардын баары спорт агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнүн дирекциясынын түздөн-түз которуусу менен ишке ашкан. Чемпионат өтүп жатканда өздөрү көзөмөлдөп турушчу. Анан кайдагы акчалар менин колума келет? Бул жөн гана жалаа жабуу. Федерациянын эсебинен чемпионат өткөн эмес. Таптакыр тийешеси жок болчу.

—Бул тирештин жыйынтыгы кандай болоорун күтүп жатасыз?

—Шахмат федерациясындагы тирешке ата-энелердин курал болуп кеткени өтө өкүнүчтүү деп ойлойм. Бирок мунун баары сыноо деп эсептейм. Кудай буюрса, бул аркылуу жаңы жолго чыгабыз. Эл баарына тараза. Кимдин ким экенин көрүп-билип бүтүштү. Эми анча-мынча адамдар өзүнүн жүзүн өзү ачып жатат. Көп нерсени Кудайга койдум. Биз талашкан эч нерсе жок. Ар бир адамдын мага жана шахмат федерациясына кылган кыянаттыгын эске алып, өчөшө берсем иштебей эле коюшум керек. Жакын арада баарына чекит коюлуп, кайрадан бир калыпта иштеп баштайбыз деген изги тилегим бар.

Баян Кулова

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: