Жала-Абад облсунун Сузак районунда келин эки баласы менен иске тумчугуп жан бергендерин райондун акими Эрмекбай Омошев тастыктады.
Белгилүү болгондой, келин эки баласы менен айылда жашап, жолдошу Москвада иштеп жүргөн. Айылдаштары айтып бергендей, эки баалсы менен энеси жекшембиге караган түнү мештен чыккан иске тумчугуп калышкан. Алардын жансыз денелерин эки күндөн кийин табышкан. Жолдошу телефон чала албай коюп, коңшуларынан сурагандан кийин, алар барып жууркандагы жансыз денелерин таап олтурушат. Келин мектепте тактай жууп иштеген. Бир баласы 2013-жылы, экинчиси 2015-жылы туулган экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ