Menu

Инфографика- Сейтказы Матаев: «Өч алуу ниетим жок»

Бөлүшүү:

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев 4-декабрда эркиндикке чыкты. Ал каржы алдамчылыгына айыпталып, бир жылдан ашуун убакыт абакта жатты. Тарапташтары Матаев «саясий негизде» камалган деп эсептеп келишет.

Алматы облусунун Заречное айылындагы абактын дарбазасында аны туугандары, тарапташтары жана журналисттер күтүп алышты. Ал маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө берген маегинде өзүнүн мурдагы ишине бир канча убакыттан кийин кирише турганын айтты.

«Менде анчалык деле кубаныч жок, анткени өзүмдү эркиндикке чыктым деп эсептебейм. Азырынча уулум дале камакта», — деди Сейтказы Матаев. Ал өзүнө тагылган айыптарды дагы бир жолу саясий буйрук деп атады. «Биз күнөөбүздү моюнубузга алган жокпуз. Бардык айыптарды четке какканбыз. Уулум экөөбүздө дух бар жана биз ошонун эсебинен тик туруп келдик. Эч кимден өч алуу ниетим жок», — деп кошумчалады ал.

Сейтказы Матаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу Алматы облусунун Капшагай шаардык сотунун чечими өткөн аптада, 30-ноябрда күчүнө кирген.

Былтыр октябрь айында Сейтказы Матаев “мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган” деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Анын уулу, КазТАГ маалымат агенттигинин жетекчиси Асет Матаев ушундай эле айып менен беш жылга кесилген. Ата-бала коюлган айыптарды моюндарына алышкан эмес. Асет Матаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу боюнча жазда сотко өтүнүч келтире алат.

Апрелде мунапыс менен Сейтказы Матаевдин камактагы мөөнөтү эки жыл сегиз айга чейин кыскартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: