Menu

Казакстанда коррупциялык жаңжалдан кийин театр жетекчиси алмашты

Бөлүшүү:

Мухтар Ауезов атындагы мамлекеттик казак драма театрынын директору болуп Асхат Маемиров дайындалды.

Асхат Маемиров буга чейин “Казконцерт” мамлекеттик концерт уюмун башкарган. Темирбек Жургенов атындагы казак улуттук өнөр академиясынын театр өнөрү факультетинин деканы болгон.

Ауезов атындагы театрдын мурдагы директору Ерлан Билал өткөн аптада пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 52,5 миллион теңге (160 миң доллар) айыппулга жыгылган. Сот аны мамлекеттик наамдарынан ажыратып, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Ерлан Билал бир ай ичинде айыппулду төлөбөсө, үч жылдан жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: