Menu

Жалал-Абадда кээбир сатуучулар азык-түлүктөрдүн баасын жогорулатып жатышат

Бөлүшүү:

Соода түйүндөрүндө, базарларда кээбир сатуучулар баалардын наркын көтөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.

“Соода түйүндөрдө айрыкча базарларда баалардын нарктары өсүүдө деген бир топ кайрылуулар болуп жатат. Ошонун негизинде биз бүгүн штабдын отурумунда бул маселени карадык. Антимонополия агенттиги, Финпол, жергиликтүү бийлик менен рейд өткөрдүк. Кээбир учурларда тилекке каршы ун саткан соодагерлердин баалары жогору экенине күбө болдук. Ал эми сатуучулар болсо бир топ көйгөйлөр бар экенин айтышууда. Маселен унду чет өлкөдөн алып келүүдө кымбат түшүп жатканын, буга байланыштуу аны кымбаттатышканын айтышты. Бирок биз бүт баардыгын тактап бул боюнча тиешелүү иш чаралар көрүлүүдө. Ошол эле учурда соода түйүндөрүндө элдин азыркы абалын эске алып, бааны көтөрбөгөн сатуучулар да бар экенине күбө болдук. Мен бааларды көтөргөн соодагерлерге мүмкүн болушунда мамлекет койгон баалардан ашпаңыздар деп кайрылып кетет элем”,- деди комендант. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: