“Жоопко тартууда видео, сүрөт жок эле бир кишинин көрсөтмөсү менен камаса болобу?” – деген суроосун кечээ, 18-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Махабат Мавлянова Омбудсменге жана укук коргоо органдарына берди.
Токон Мамытов: “Бул жерде калыс караш керек. Бирөөнүн сөзүнөн башка тактай турган маалыматтарды карап чыгыш керек” – деп жооп берди.
Ал эми Махабат Мавлянова бир гана адамдын көрсөтмөсү менен камалган адамдар бар экенин айтып, бул иш боюнча карап берүүсүн суранды.
Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын автобустарда, сейилдөөдө жүрүүсүнө шарт түзүп берүү тууралуу иштеп чыгуусун талап кылды. Бул маселе боюнча Улукбек Кочкоров жооп берди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ