Menu

«Чеховдун Алчалуу багы Бишкекте»

Бөлүшүү:

Күркүрөгөн күз келип театрлар элге эшигин ачканга, руханий азык тартуулаганга даяр турушкан чагы. Алардын катарында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры бар. Аталган театр күзгү сезонду жаңы спектакль менен ачканы жатат. Спектакль «Алчалуу бак» деп аталат. Бул пьесанын автору ааламга белгилүү кадимки Антон Павлович Чехов. Оюнду Россиядан келген режиссер Татьяна Захарова сахналаштырууда. Премьера 25-сентябрда кечки саат 19:00 дө башталат. Ага удаа эле Эл аралык кичи формадагы «IMPULSE» театралдык фестивалы да старт алат. Фестивалга Швеция, Россия, Молдова, Казакстандан артисттер келип катышаары күтүлүүдө. Эмесе фестивалдын программасын жарыялап коелу.

25-сентябрь, 19:00 дө «Алчалуу бак» – режиссер Т. Захарова – Арсен Өмүрлиев атындагы Бишкек драма театры, Кыргызстан.

26-сентябрь, 19:00 дө «Соло из Ямы» – автору жана аткаруучусу Элиас Файнгерш – театр КЕФ – Мальма шаары Швеция.

27-сентябрь, 19:00 дө «Три жизни Айседоры Дункан» – автор: З.Сагалов, режиссер: Мария Пальницская, аткаруучу: Яна Лазарь, А.Чехов атындагы ГРДТ, Кишинев шаары, Молдова. 28-сентябрь, 19:00дө «Пугачев Рождение» – С.Есенин – режиссер: Алексей Шемес Россия – аткаруучу: Марат Амираев, Кыргызстан – Байтен Оморов атындагы «Жаз сахна» театры, Алматы шаары, Казакстан.

29-сентябрь, 19:00дө «Малявочка» – Ф.Достоевский – автор жана аткаруучу: Павел Курочкин – «Ведогонь-Театр» Москва шаары, Россия.

Жалпыңыздарды жан азык алууга театрга чакырабыз. Эшигибиз ар дайым ачык. Биз сиздерди ар дайым жылуу маанайда, ыңгайлуу залда күтүп алууга даярбыз. Дарегибиз: Чыгыш – 5 кичи району, Чүй – 28, Бишкек гаардык драма театры. Болжол: Свердлов акимиятынын жанында. Сурап билүү: 46-44-17, 53-04-42 | Факс: 46-44-17 |email: [email protected]

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: