ИИМ маалымат кызматы милиция мыйзам бузуп, кыйнаса, коркутса, шантаж кылса кайда кайрылуу керектигин айтып, телефон номерлерди таратты.
Алардын маалыматына караганда, айрым милициялар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамды бузуп, кылмыш жасап жатат. “Эгерде милициянын мыйзамсыз мамилесине кабылсаңыз (мыйзам бузуу, кылмыш боюнча арыздарды кабыл алуудан баш тартса, акча талап кылса, коркутса, шантаж кылса ж.б.) бизге билдирүүнү өтүнөбүз“, — деп, телефондорду жарыялады.
ИИМдин ички иликтөө (0704-999-918, 0999-917-397) кызматына же ИИМдин нөөмөт 0312 66-23-31 бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ