Menu

Тфу эй… “Кыргызстан” “коррупционер” Дүйшөбаевди кошуп алды

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясы биринчилерден болуп, курултайын өткөрүп парламенттик шайлоого кадам салып турат. Курултайга аштан, көчтөн кур калган, Кудайдан жөө качкандар да сагалап барышканы байкалды. Маселен, элге жек көрүндү болуп калышкан, эл ичинде “коррупционер” деген атка конушкан Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев сыяктууларды айтсак болот. Кызыгы, Дүйшөбаев “Кыргызстандын” жаңы толукталып, өзгөртүлгөн саясый кеңешинин тизмесине кирип калыптыр. Таппасаң, сыйпалап калгырдыкы. Башканы таппай калып, ушул Дүйшөбаевди “пир” тутуп кошуп алышканы такыр эле акылга сыйбай турат. Кыязы, бул маселеде лидер Канат Исаев орчундуу ойлонсо керек. Эмнеге дегенде Дүйшөбаев буга чейин бүткүл сарбагыш уруусунун чоңу өңдөнүп, курултай еткөрүп жүрдү эле. Исаев да андай иш-чаралардан четте калган эмес. Кыскасы, сарбагыштын кулуну Канат мырза, жердешчилик маселесине абдан маани берип, Кеңешбек агасын партияга киргизгенин баамдоого болот.

Дүйшөбаевде болсо миллиондор толтура. 2010-жылы УКМКны жетектеп калып, ЖМКларга жомоктогудай байып, далай мүлктөргө “сыйкырдуу” ыкма менен ээ болгону, ал тургай ошол баасы миллиондорду чапчыган мүлктөр тизмеси менен байма-бай жарыяланып турду. Дүйшөбаев алардын бирине да жооп берген жок. Жазса жаза берсин, “урганым жок, байлыгым менен басып коём” – дегендей мамиле кылды. Ал кездеги Атамбаевдин бийлиги, андан кийин Жээнбековдун бийлиги да негедир Дүйшөбаевдин корголуна куурай сая алышкан жок. Чынында ал баарын башкача бир “ыкмалар” менен басып, ынтыкканча ыраазы кылып койсо керек. Болбосо, мурун анча байлыкты түшүндө гана көрүп келген Дүйшөбаев УКМКны 2,5 жылга жакын убакыт башкарып, байлыгынын эсебин таппай калгандардын сап башына сабалап чыкканын бир иликтеген жан болбоду. Бул адамдын кадыр-баркы деле жок. Артынан туугандары, достору эле ээрчибесе, башкалар ээрчибейт. Ошого карабай, “Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” болуп, партия
ачып алган. Же ал партиясынын дайыны жок. Албетте, “КЕША братыңар” “Кыргызстанга” бекер эле кыпчылган жок. Акчасы бар. Миллиондорду бул партияга “агызып” жибере турганын айтып, баарынын көңүлүн тапса керек. Минтип коррупционерлердин шайлоого жакын ар кайсы партиядан “калдайган” караандары ачык көрүнө башташы бизде салтка айланган. Журналисттер, эл айта берет, жаза берет. Бийлик алардын бирине да көңүл бурбай, өз билгенин кылып, депутат кылып коёт. Деги оңолбой койдук. Бийликтин камчысын болушунча чаап жаткан “Кыргызстандын”, анан калса, Жээнбековдордун ушу Дүйшөбаевдерге окшогондорго күнү түшүп калса, анда иштин бүткөнү экен да… Кайран гана элдин шору да…

Будак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: