Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 1-октябрдан баштап, ай сайын 75 миң сомдон стипендия алып турган болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиги билдирди.
Алардын айтымында, буга чейин А.Тыныбекова 60 миң сом стипендия алып келген. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Олимпиадага чейин, 2020-жылдын 11-октябрына чейин 75 миң сомдон стипендия алып турат.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болгон. Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, желегибизди желбиреткен Айсулуу Тыныбекованы 25-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, үч бөлмөлүү батир белек кылган.
Ошентип, спортко чоң салым кошкон, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан балбан кызыбыз Роза Отунбаевадей (ай сайын 80 миң сом алат) эле айлык ала турган болду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ