Иллюстрациялык сүрөт
Орусиядан дайынсыз жоголгон кыргызстандык 21 жаштагы кыз Орёл шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан (СИЗОдон) табылганы тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, жоголгон кыз Баткен облусунун тургуну. Ал жерде 1998-жылы туулган О.Р аттуу кыз былтыр сентябрда Москвага иштөөгө кетип, ушул жылдын башында туугандары менен байланышы үзүлгөн. Апасы тынчсызданып, ИИМге арыз менен кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган. Ал арыз ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жөнөтүлүп, кызматкерлер Москвадага укук коргоо органдары менен бирге издеп, 2018-жылдын 3-августунда Бишкек—Москва каттамы менен учуп барганы аныкталган. Ал быйыл июнда баңгизатты мыйзамсыз даярдоо, сатуу же жөнөтүү беренеси боюнча шектелип, Орлов облусунда полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ