Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 10-октябрга караган түнү 9-декабрга чейин үй камагына алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Канат Хасанов билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда чечим чыккан. Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелүүдө.
Эскерте кетсек, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы болгондо, анын тарапташтары менен күч органдары кагылышып, бир топ адам жаракат алып, бир офицер каза болгон. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Асел Кодуранованы жыйынга 3 жолу чакырып, ал баш тартып, барбай койгон. Ошентсе да комиссия ошол окуялардын чордонунда жүргөндөрдүн бири депутат экенин айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ