“5-октябрдагы адилетсиз шайлоонун айынан эл митингге чыгышты. Натыйжада эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болду” – деп бүгүн, 7-октябрда эски аянтта Курсан Асанов сөз сүйлөдү.
«Баарын ирээтке келтирип, жарандардын коопсуздугун ойлош керек. Мурдагыдай иштешибиз керек. Мындан ары жер-жерлерде өз кызматыңызды толугу менен жүргүзүүгө чакырам», – деди ал.
Анын айтымында, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилет.
«Азыр айрым күчтөр башаламандыктар жөнүндө айтып, курал-жарактары бар деген ушактарды таратып жатышат. Мен иштеп жатканда кан төгүлбөйт. Мен баарынан мыйзамдуулукту талап кылам. Менин бир дагы партия менен кызыкчылыгым жок. Мен саясий партияларды сүйлөшүү столуна чогулуп, көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүүгө чакырам», – деди Асанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ