Максат ажыны шаардагы кафелердин бирине аттуу-баштуу адамдар куран окуганга чакырышкан экен. Ошондо ажынын кийингенине нааразы болгон бир таанышы ага ачыгын айтып:
– Эми башыңа чалманы ороп, сакалыңды сапсайтып, самсаалаган хиджапты кийип алып ушул кебетең менен кафеге барасыңбы?-деген экен мыскылдап.
Анын сөзүнө ызаланган Максат ажы:
– Анан сакалымды кырынып, ак көйнөк кийип, галстук тагынып, тойго бараткансып кычырап пиджак кийип барышым керекпи? – деп коёт имиш үңүрөйүп.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ