Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чек ара бекеттеринде Абылгазиевдин атына кайтаруу картасы коюлган.
Башкача айтканда, Абылгазиев өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгып кете албайт. Ал жерден кармалган учурда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ