Menu

Украина Орусия боюнча Гаага сотуна кайрылды

Бөлүшүү:

Украина Орусия тарабынан БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын бузулушуна каршы Гаага трибуналына меморандум жөнөттү. Документте Орусия Украинанын Кара жана Азов деңиздеринде, Керченский булуңунда укуктарын бузуп жатканы тууралуу далилдер келтирилген. Бул тууралуу Украина ТИМи билдирет.

Украина президенти Петр Порошенконун айтымында, Крымда мүлктөрү конфискацияланган Украинанын жана жеке инвесторлордун экономикалык кызыкчылыктары корголушу керек.

Киев арбитраждык соттон БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясын бузбоону, украин ресурстарын тартып алууну токтотууну, Украинанын өз сууларындагы укуктарын сыйлоо менен келтирилген чыгымдар үчүн компенсация өндүрүп берүүнү суроодо.

“Адепсиз түрдө эл аралык укукту бузуу менен Орусия Украина жана анын элине таандык энергетика жана суу ресурстарын тартып алууда. Ошол эле маалда украин балыкчыларына физикалык зыян келтирип, Керченский көпүрөсүнүн мыйзамсыз салынганына байланыштуу украин портторуна кемелердин кирүүсүнө бөгөт коюуда”, –деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: