Орусия, Иран жана Түркия Сириядагы ок атышпоо келишимин көзөмөлдөгөн үч тараптуу механизм тууралуу макулдашты. Астанада аяктаган эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн соңунда үч өлкө тең 8-февралда Женевада өткөрүү пландалып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөргө куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн да катышуусун колдоду.
Сириянын өкмөттүк делегациясы Астанадагы жолугушууну ийгиликтүү деп эсептеди. Бирок анын башчысы Башар Жафари армия суунун негизги запасы көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө болуп турган Дамасктын жанындагы Вади-Барада районуна чабуулдарын уланта турганын билдирди.
Сирия оппозициясы жыйынтыктоочу билдирүүдө Ирандын Сирия жаңжалындагы аскердик ролу так аныкталгандыгын белгилеп, ал боюнча нааразылыгын билдирди.
БУУнун маалыматы боюнча, 5 жарым жылдын ичинде Сириядагы жарандык согуштан 310 миңден ашык киши курман болуп, 9 миллиондон ашыгы үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ