Menu

Исаев жазадан кутулам деп ойлойбу?

Бөлүшүү:

Коррупция боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевдин ишин Биринчи май райондук соту карап баштайт. Депутаттын ишин сот Абдуразак Боромбаев карайт. Минтип куйругунда калбыры бар, баскан изиң мандемдүү экен деп сот Исаевдин ишин караганы жатканда, суудан кургак чыгып көнгөн неме «Кыргызстан» партиясынын съездин чакырып, президенттик шайлоого аттанды. Сыягы, «талапкер болуп катталып алсам жазадан кутулам, шайлоо бүткөндө Атамбаев кызматтан кетет, ошону менен «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп жабылуу аяк жабылуу бойдон калат», деп ойлоп жатса керек. Ойлогон ою ордунан чыгабы, же абактан орун алабы? Дегенибиз, БШК «шакмары» бар Исаевди каттайт деп айтуу кыйын… Экинчиден, Шаршенбек Абыдкеримов менен Алмазбек Баатырбековду сызга отургузуп кетти, мунун сөзсүз жообу болот эмеспи…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: