Menu

Эртең өтө турган КСДПнын съездине депутат Асылбек Жээнбеков киргизилбейт

Бөлүшүү:

Эртең, 31-мартта өтө турган КСДПнын съездине азыркы КСДПчы депутат, экс-спикер, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков киргизилбейт. Бул маалыматты журналисттерге КСДПнын штабы да тастыктады.

Асылбек Жээнбеков өзү да эртеңки КСДПнын съездине чакырылбаганын айрым бир маалымат каражаттарына билдирди.

Асилбек Жээнбековдон сырткары съездге КСДПчы депутаттар Жанар Акаев менен Искендер Матраимов да чакырылбаган.

Биздин жеке булактардын айтымында, Атамбаев менен Фарид Ниязов чоң шаан-шөкөт менен, журналисттердин жана чет элдик меймандардын катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөрөбүз деп жаткан КСДПнын съезди боюнча пландары бузулуп калыптыр. КСДПнын Жээнбеков тарапка оогон мүчөлөрү, айрыкча түштүк тараптан келе турган делегаттар съездге тымызын бойкот жасап, съездге келбей турганы билингенден кийин Атамбаев менен Ниязов КСДПнын съездин “Орион” мейманканасындагы оппозиция тегерек үстөл өткөрүп жүргөн залга партиялык жыйын катары өткөрүү чечимин кабыл алыптыр. Мунун баарын Асилбек Жээнбеков жасап жатат деп шектенишкен Атамбаев менен Ниязов съездге Асилбек Жээнбеков киргизилбесин деп буйрушуптур.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: