Menu

Фото – Кыргыз диаспорасынын “Биримдик” коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата «Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрү» аттуу иш-чара өттү

Бөлүшүү:

10-11 октябрда Россия Федерациясынын Тюмень облусунун Тюмень шаарында кыргыз диаспорасынын «Биримдик» Тюмень аймактык коомдук уюмунун 10 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрү» аттуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара «Биримдик» диаспора уюмунун демилгесинин, Тюмень облусунун Ѳкмөтүнүн каржылоосунун жана Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун көмөктөшүүсү менен өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алишеров Эльдар Туралиевич баштаган өкмөттүк делегация келип катышты. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович, КРнын Айыл-чарба, азык-түлүк өндүрүшү жана мелиорация министрлигинин, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жогорку окуу жайлардын, саламаттык сактоо мекемелеринин жана ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү киришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасы менен Тюмень облусунун ортосундагы кызматташуунун келечеги» темасындагы кеңири отурум, ишкерлик жана инвестиция, туризм, маданият жана саламаттык сактоо, билим жана илим, айыл-чарба жана өндүрүш багыттары боюнча 5 тегерек үстөл болуп өттү. 

Ошондой эле, расмий делегациянын Тюмень облусунун губернатору Моор Александр Викторович менен жолугушуусу болду.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү (Кыргыз Республикасы) жана Тюмень облусунун Ѳкмөтүнүн (Россия Федерация) ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуусу жөнүндө Макулдашууга, Кыргыз Республикасынын  Ѳкмөтү менен Тюмень облусунун  Ѳкмөтүнүн ортосундагы 2019-2023-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык тармактарында кызматташуусу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

«Тюмень облусундагы Кыргыз Республикасынын күндөрү» аттуу иш-чарасынын алкагында маданий программа уюштурулган. Мекендештерди куттуктоо үчүн Тюмень шаарына Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты концерттик программасы менен келип, «Ак марал» оркестринин коштоосунда филармониянын солисттери менен Тюмень облусунда жашаган КРнын жарандарынын жана мекендештердин музыкалык номерлери тартууланды.

Иш-чаранын алкагында аталган диаспора уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте КРнын жарандары жана мекендештер менен жолугушуусу болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: