Menu

“Манасты” бурмалап, порнокитепке айлантып, балдарыбызга окуткандар жазаланабы?

Бөлүшүү:

Журналист-коллегабыз Жаз-Айым Айдекованын: “Эми Кудай урбадыбы? Баласы мектепке барган ар бир ата-эне кабардар болушу керек! Билим берүү министрлигинин “балдарыбыз окусун!” – деген китеби бул… Менин балам мындай окуу китептен билим алсын деп мектепке жиберген жокмун!!! Ушул уятсыздыкка колун коюп, чыгарылышына жол берген Билим берүү министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, редакторлор, түзүүчүлөр, илимдер академиясы эмне үчүн эпостун уятсыз жерин мектеп программасына киргизгени үчүн жооп берсин!”- деп жарыялаган Манас боюнча окуу китебинин уят сөздөр камтылган барактарынын фотосу соцтармакта катуу талкууга алынды.

Жаз-Айымдын айтымында, бул китеп 2011-жылы басмадан чыгарылган. Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилгени дапдаана жазылып турат. Айтылуу Жаныбек Жанызактын “Каттамасы” жолдо эле калат окуган адамга… Чынында эле, акылга сыйбаган көрүнүш.

Швецияга кетеринен мурун Оштун аэропортунда Султан Раевди жолуктуруп калдым. Телефонун чукулап олтурган экен. Көрсө, ушул китептин тегерегиндеги талкууларды окуп жатыптыр. “Топон” романы үчүн эл аралык сыйлыкты алган жазуучу бул көрүнүшкө аябай иренжип турганын, Манасты порнографияга айланткандар ким болбосун – улуттун душмандары экенин билдирди. Бул багытта Султан Раев менен кийинки сандарда кенен маек жасайбыз.

Кечээ болсо Кыргыз билим берүү академиясынан бул абийирсиздикке байланыштуу жооп келди. “Майдандын” туруктуу авторлорунун бири, окумуштуу, публицист, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги Советбек Байгазиев мындай деп жазыптыр:

“Кыргыз билим берүү академиясы ар дайым улуу “Манасты” даңазалап, өткөн кылымдын тээ 50-жылдарынан бери улуу эпосту окуу программасына киргизип, окуу китептерин, окуу куралдарын түзүп келе жатат. Кыргыз билим берүү академиясы улуу мурастын окутулушунун тазалыгынын сакчылыгында турат. Бексултан Жакиев түзгөн “Манас” кыргыздардын баатырдык эпосу” деген китебинин компьютердик кол жазмасы академияга келип түшкөн жана мекеменин манас изилдөөчүсү тарабынан текшерүүдөн өткөн. Бүгүнкү интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана басма сөздө (“Фабула” газетасы) талкууланып жаткан порнография Б.Жакиев түзгөн кол жазмада жок болгондугун эксперт аныктаган. Б.Жакиевдин ошол жат көрүнүш жазылбаган кол жазмасына ушул саптардын автору коштомо макала жазып, президент А.Атамбаевдин ак бата сөзү менен ал кол жазма китеп болуп 2012-жылы мектеп үчүн  жарыкка чыккан. Ушул таза мазмундагы Б. Жакиевдин китебин дагы көбүрөөк нуска менен чыгарууга министрликке кат жолдогонбуз. Ошол мазмуну тунук китеп Академияда турат. Бирок Б.Жакиевдин президент А.Атамбаевдин баш сөзү менен чыккан жана биз сунуш кылган ошол тунук китеп чыгарылбай, тескерисинче, жанагы порнография кошулган бөлөк китеп чыгып кеткен. Болгондо да министрликтин грифи менен жарык көргөн. Балким муну басмадагы акча табуучулар китепти кызыктуу кылып, өтүмдүү кылып сатыш үчүн министрликтин грифине жамынып, порнографияны кошуп жибериши мүмкүн. Болбосо ушундай ишке түзүүчүнүн да, министрликтин да, академиянын да колу бармак эмес. Педагогдор мындай ишти жасабайт. Азыркы баш аламан заманда көзөмөлсүздүктүн айынан кандай ыплас иштер жасалып жатат. Кыскасы, ушундай шартта, “Манас” эпосунун басылып чыгышынын мындан ары карай бардык деңгээлдерде катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгы туулууда. Жогорудагы порнографиясы бар китептин сигналдык экземплярына ким кол койду экен? Ошол киши жоопкер болушу керек. Болбосо басмалардагы айрым шылуундар министрликтин жана академиянын ак батасын алып алып, кийин басма процессинде өз билгендерин жасоодо. Басмадан китеп чыгардын   алдында сигналдык экземплярга министрликтин эксперти кол коюшу зарыл. Ошондо тартип жана жоопкерчилик күчөмөк”.

ххх

Советбек агайдын сөзүнө караганда, демек, Бексултан Жакиевдин китебине бирөөлөр атайын чыккынчылык менен порнографиялык саптарды киргизип ийген. Ал адамды (адамдардыбы же) тезинен таап, чара көрүү керек. Бирок, бул маселе боюнча бир ооз сөз айта албай, журналисттердин суроосунан качкан министрликтин адистерине, жеке министр Гүлмира Кудайбердиеванын кайдыгерлигине түк түшүнбөй турам. 2011-жылы министрликти жетектеген Канат Садыковдон болсо таптакыр дайын жок. Бул чыккынчылык дал ошол киши министр болуп турган кезде жасалган. Иштин чоо-жайы дайын эле экен, чыккынчылар бар. Тийешелүү укук коргоо органдары бул ишти колго алып, изилдеп, чыккынчыны жоопко тартса болбойбу? Себеп дегенде, ал жазасыз кала турган болсо, порнография башка да окуу китептерине кирип кетиши ыктымал. Айтор, окуя мындан кийин кандай өөрчүйт, сиздерге кабарлап турабыз, урматтуу окурман.

Булак: «Майдан. kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: