Menu

БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов түндө журналист Асланбек Сартбаев менен мушташты

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-декабрдын кечинде саат 20.00.дө Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Охота на овец” ресторан-түнкү клубунда мушташ чыкты. Анда БШКнын экс-төрагасы Туйгуналы Абдраимов кызуу абалында журналист Асланбек Сартбаевдин ыңгайсыз суроосуна ызаланып, колунда турган рюмкасы менен журналистти чекеге чапкан. Бул тууралу бизге бул окуяга күбө болгондор өз атын жарыялагысы келбей айтып беришти.

Ага алымсынбай столдо турган дагы бир бокалды ала коюп Абдраимов аны менен да Сартбаевди башка чапканда чала тийип калган. Анан ордунан атырылып туруп, журналистке муштуму менен жулунганда арага түшө калган журналист Сабыр Муканбетовду жерге жаткыра чапкан.

Чоогу олтурган Темир Сариев, Канат Исаев көптөп ортого түшө калышып  Туйгуналы Абдраимовду араң токтотушкан. Ошондон кийин гана журналист Асланбек Сартбаев мушташ болгон жерди таштап кетип калган.

Көрсө Темир Сариевдин пиар командасынын өкүлү (серепчиси) Сабыр Муканбетов шефи менен план түзүшүп, Чүйлүк саясатчыларды жана журналисттерди жараштырып, башын кошмокко ресторанга чайга чакырышат. Ресторанга Темир Сариев, Сабыр Муканбетов, Туйгуналы Абдраимов, Канат Исаев, Асланбек Сартбаевдер чогулушуп, олтуруш жакшы башталат. Темир Сариев менен Канат Исаев жарашышат. Мындан ары Чүйлүктөрдүн башын бириктирели, ынтымактуу бололу деп жакшы пикирлер айтылат. Бир нече рюмкалар кагылгандан кийин Туйгуналы Абдраимов журналист Асланбек Сартбаевди кекете баштайт. “Сен гезитиңе жазып жүрүп эле мени Алмаз Атамбаевге жаман көрсөтүп, душман кылып койдуң. Эми ал мага кызмат да бербей, кабыл албай да жатат” таризинде нааразылана баштайт.

Анда тилинде мөөрү бар журналист Асланбек Сартбаев жөн турмак беле “Туйгуналы байке, мен журналистмин, укканымды, билгенимди жазам. Ал менин кесибим. Бирок чын-чынына келгенде сиз убагында Алмаз Атамбаевди сатып, Бакиевдер тарапка өтүп кетип, Кореяга элчи болуп кеткениңиз чын да?” деп сурайт. Бул суроону угары менен Туйгуналы Абдраимов токтоно албай столдо турган рюмка бокалдар менен журналист Асланбек Сартбаевди уруп кирет…

Туйгуналы Абдраимов өзүн кармай албаган чоң муштум саясатчы катары Кыргызстанга белгилүү.  2005-жылы БШКнын төрагасы учурунда врач жана саясатчы Жеңишбек Назаралиев менен мушташканы чоң чуу болгон.

Кийин “Мен врач катары расмий айтып коюшум керек, Кыргызстандагы саясатчылардын арасында 2 шизофреник оорулуу бар, бири Алмаз Атамбаев, экинчиси Өмүрбек Текебаев” деп Өмүрбек Текебаев менен мушташа кетерде саясатчылар ажыратып калышкан.

2015-жылы бир тойдо саясатчы Камчыбек Ташиевге кол көтөрүп, жанында турган саясатчылар ортого түшө калып эки бөлүп кетишкен.

Дагы бир жылы өзүнүн иниси, көзү ачык Мелис Карыбековду сабайм деп жулунуп, бир нече жолу муштаганда арага түшкөндөр араң токтотушканы белгилүү.

Алтургай Алмаз Атамбаевди сабайм деп жүргөнүн уккандар бар экен, аны жеткирип коюшканбы ал киши да Туйгуналыдан коркуп турат дешет.

Туйгуналы Абдыраимов саясатчыларды сабаса да журналисттерге кол көтөргөнү уят. Муну коомчулук жөн калтырбай чоң муштум саясатчыга өз баасын берет деп ойлойбуз.

Булак:  Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: