Menu

УКМК: “Дастан” ишканасынын жооптуу адамдары бюджеттик каражаттарды өзүнө ыйгарып алганы аныкталды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Дастан” жана “Улан” компаниясынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөрүнө алып алган факты аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

 Алардын айтымында, жооптуу кызматкерлер чет мамлекеттердин биринен атайын техниканы сатып алуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн. 

Ушул жылдын май айында “Дастан” ААКсы чет өлкө менен 3 миллион долларга келишим түзгөнү, анын 695 миң доллары корпорациянын жетекчилиги тарабынан “Улан” ААКнын туунду компаниясы менен кызмат көрсөтүү келишими түзүлүп, менчиктештирилгени аныкталды.

“Улан” ААКтын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 миллион сомдук атайын жабдууларды жеткирип берүү боюнча жасалма келишим түзүп, андан кийин “Улан” ААКтын директору Ж.Р.Ж. каражатты менчиктеп алган ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки процесстин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же уурдоо” беренеси боюнча катталды. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, “Улан” ААКнын директору Ж.Р.Ж УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: