Menu

Өзбекстанда дарыгерлер кайрадан кык чогултууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери кайрадан кык чогултуп жатканына  арызданышууда. Жетекчилик аларга ар бир үйдү кыдырууга, кыктын өлчөмүн аныктоого, тизме түзүүгө жана  жергиликтүү фермерлерге таратууга көрсөтмө берген.

Медайымдардын биринин айтымында, жергиликтүү бийлик аларды кара жумушчу катары пайдаланууда. “Акы төлөнбөгөн иш чыгып калган учурда алар дайыма дарыгерлер менен мугалимдерди колдонушат. Учурда 40тай дарыгер жана медайым топ-топко бөлүнүп, айылдарга жөнөдү. Биз ар бир үйгө кирип, канча кык бар экенин сурайбыз. Эгер сатууну кааласа, аларды тизмеге алабыз. Андан соң фермерлер келип, кыкты сатып алышат да талааларына алып барып төгүшөт”, -деди ал.

Медайымдардын маалыматы боюнча жергиликтүү жашоочулар кыктарын саткысы келбейт. Газ жана электр энергиясы тартыш болгондуктан, алар кыктан тезек, көң жасап, кышкысын отун катары пайдаланышат.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору бул маалыматты тастыктады. Жетекчилик кызматкерлер чындап эле айылдарды кыдырып, кык чогултушарын, муну менен тазалыкты камсыздап жатышканын билдирүүдө. Алар кык мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселе экенин, фермерлерге жардам берип жатышканын баса белгилешүүдө.

Жергиликтүү бийлик дарыгерлер Өзбекстандын премьер-министринин көрсөтмөсү менен кык чогултууга жөнөтүлгөнүн ырастады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: