Москванын “Текстильщики” метросуна түнөп, көчөлөрдө кайыр сурап жүргөн 44 жаштагы кыргызды мекендештирибиз таап алышкан. Ал өзү Оштон экен, аялы, балдары бар. Документтерин жоготуп, ишинен куулуп, көчөдө калган. Кыргыз диаспорасынын активисттери Москвадан жумуш таап бергенге, документтерин калыбына келтирип, үйүнө кеткенге жардам беришерин айтышты. Ал: “Көчөдө жашагандан тажадым, Москваны көрөйүн деген көзүм жок” дейт. Омбудсмен аппараты да бул кишини каттоого алып, мекенине кайтууга жардам кылмак болду. Активисттер билет сатып бергенге даяр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ