“Жеке маалыматтар ачыкка чыгарылбайт” деп 15-октябрда Соцфонддун басма сөз кызматы билдирди. Бир канча күн мурун ММКларда кээ бир депуттардын пенсия көлөмү жөнүндө маалыматтар чыгып, айына 20 миңден 60 миң сомго чейин алышканы айтылган эле.
26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев кээ бир пенсионерлер айына 80-100 миң сом аларын айтып, бирок ысымдарын атаган эмес эле.
Азыр Кыргызстанда 667,3 миң пенсионер бар. Алардын 241,5 миң пенсионер же 38%ы 4 283 сомдон (2018-жылга карата пенсионердин жашоо мүмкүнчүлүгүнүн эң төмөнкү көлөмү) төмөн алышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ