25-октябрда Лейлек чегара отрядынын чегарачыларынын аракетин Мамлекеттик чегара кызматынын ММКлар жана коомчулук менен байланышкан бөлүмү кабарлады.
Борбордук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын четинен чегарачылар 82 калибриндеги үч артилериялык жардыргычты таап алышкан.
Ошол замат табылган курал боюнча “Жаңы Жер” чегара тосмосуна билдирилген.
“Коопсуздук үчүн айлана-тегереги тосулуп, күч түзүмдөрүнө маалымат берилди. Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин үч жардыргыч жардырылган”, -деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ