«Тайсон» каймана ат менен Кыргызстанга таанымал мушкер Канат Келдибековдун кийинки беттешүүсү Казакстанда 29-ноябрда болот. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Марат Бекмуратов Instagram баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, К.Келдибеков 4-октябрда Грозный шаарында жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду утуп алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ