Кечээ, 20-январь күнү депутат Аида Исмаилова жаачы Асланайым Аширова менен жолугушту. Бул тууралуу депутат өзнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Асланайымдын абалын мен былтыр билгем. Сауд Арабиясындагы «Camel Fest» фестивалына даярдык көрүп жатканда бутунан орр жаракат алган кызыбызга иш-чаранын уюштуруучулары жардам берди деп ойлогом. Бирок, бары тескерисинче чыкты.. Тилекке каршы буга чейин жолугуша албай жүргөм. Фейсбуктан интервьюсун көрүп, моралдык жана физикалык абалына боорум ооруду” – деп жазган эл өкүлү.
Депутат Маданият министрлиги менен Этнооюндардын дүйнөлүк конфедерациясы каскадер айымды бөтөн өлкөдө таштап коюшканын айтып, элчилик менен падышачылыктын администрациясы Ашировага кыска убакыттын ичинде операция кылуу маселесин чечкенине ыраазычылык билдирди.
Мындан сырткары иш-чаранын уюштуруучулары дарыгерлерге Асланайым Казакстандын жараны жана волонтер деп туура эмес маалымат бергендгин айтып ачууланган.
“Мен маселенин чоо-жайы менен таанышып, жеке көзөмөлүмө алдым. Бул жумада аталган маселени ЖКнын жыйынында көтөрүп чыгып, буга байланышкан бардык нерселерди аныктоого аракет кылам” – деп жазган эл өкүлү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ