Ошто адам өлүмүнө шектелип зоодүкөндүн ээси кармалганы тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ШИИББ билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Оштогу ооруканадан бычактан алган жаракатынан улам 35 жаштагы адам каза болгону тууралуу милицияга маалымат 1-ноябрда келип түшкөн. Милиция күбөлөрдү суракка алганда, алар каза болгон жаран зоодүкөндүн имаратын ижарага алганын айтып беришкен. 1-ноябрда дүкөндүн ээси менен каза болгон адам чатакташып, зоодүкөндүн ээси бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Териштирүү жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ