Чүй облусундагы Калыгул айылында Оңолбаев атындагы мектеп авариялык абалда. Ошондон улам, окуучулар фельдшердик-акушердик пунктта убактылуу окуп жатышат. Бул тууралуу Белим берүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кечээ, 4-ноябрда аталган айылга да барып, мектептин авариялык абалы менен таанышкан. Мугалимдер эскирген мектептин имараты 1929-жылы курулганын, анда 150 окуучу билим алаарын К.Исаковго айтышкан. Министр эл аралык фонддордун жардамы менен жаңы имарат курууга аракет жасаларын билдирген.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, учурда мамлекеттик жана муниципалдык 2139, жеке менчик 126 мектеп бар. Окуучулардын саны 1 миллион 268 миң.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ