Социал-демократтардын жаңы лидери партияны кээ бир акимдерден, депутаттардан, ошондой эле базаркомдор менен мансапкорлордон тазалоо алдында экенин жашырбады.
Түшүндүрө кетсек, 29-октябрда Жогорку Сот экс-президент А.Атамбаев менен депутат Асел Кодуранованын Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун КСДП лидери Сангынбек Абдрахмановдун партияга ээ болгон чемимдерине каршы арызын карап, мурунку чечимдерди күчүндө калтырган.
Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, эми партия активдүү ишин баштайт.
“Жолубуз эми ачык болду, эми чындап иштей баштайбыз. “Кечээ. Бүгүн. Эртең” деген ураандын астында партиянын республикалык конференциясын өткөргөнү жатабыз. Азыр партияда ажырым бар, бирок жаңылануу жүрүп жатат. Партияга кокусунан келип калгандар көп. Алар сырттан карап турушат, партиянын оор учурунда алар ишке аралашпай жатышат. Андай адамдардан тазаланабыз”, – дейт ал.
“Бизге идеялуу, принципиалдуу партия мүчөлөрү керек, ошондуктан дал ошондой адамдарды кабыл алабыз. Катарыбызда жаңы жүздөр, акылдуу адамдар болсо экен деп жатабыз. Азыр шайлоого катуу даярдык көрө баштадык. Биздик максат – шайлоодо утуп келүү”, – деди Сагынбек Абдрахманов.
Булак: Vesti.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ