Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд доллар экени айтылып жүрөт. Кытайга эле 1,7 млрд доллар карызбыз. Буга чейин төлөгөн карыздарды эске алганда жалпы 9 млрд. долларга чейин карыз алганбыз. Аны кайтаруу лимити да жакындап келатканын адистер айтышат. Мамлекеттик карызды иликтей келгенде ар бир кыргызстандык жаранга орточо 700 доллардан тиет экен. Карыздан кутулуу үчүн жалпылап акча чогултуу да уюштурулган. Бирок, майнап чыккан эмес. Карапайым адамдар бул аракетти атайын уюштурган чоңдордун оюну деп, карызды алган ошол чиновниктер төлөш керек экенин айтышкан. Дүйнөдө дээрлик бардык өлкөлөр Кыргызстан сыяктуу эле карызкор. Бирок, Кыргызстан менен Тажикстан карыз алууда алдыңкы сапка чыгып, Кытайдан ашыгы менен алган өлкө катары айтылып келет. Ал турсун карызы үчүн өз эгемендигин жоготуп коюу коркунучу бар өлкөлөр тизмесине да кирген.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ