Издөөдө жүргөн “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
КР УКМК диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны “Ш.Т.” кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн.
Такталгандай, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
“Ш.Т.” жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-б, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-б. боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ